super.kg logo

Өткөн жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн 243 миллион сом толугу менен иштетилген эмес

 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү үчүн өкмөт тарабынан акча каражаты бөлүнүп берилген, бирок ал акча иштетилип бүтө электиги маалым болду. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов 25-февралда журналисттер менен болгон жыйында айтты.

"2014-2020-жылдардагы мамлекеттик тил боюнча улуттук программа кабыл алынган. Ал үчүн 490 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилди. 2015-жылга анын 243 миллион сому которулуп, бирок акчанын баарын иштете алган жокпуз. Тил комиссиясынын көзөмөлү менен акча мамлекеттик мекемелерге бөлүнгөн. Азыркы күндө анын үстүндө иштеп жатышат. Мисал катары айтсак, Илимдер академиясына былтыркы жылга карата 90 миллион сом берилген, бирок анын 30 миллион сомун эле пайдаланышкан",- деди Эрматов.

Төрага тил комиссиясы тарабынан "Кыргыз тест" системи иштелип чыкканын кошумчалады. "Систем иштелип бүттү. Даярдалган окуу куралдары менен мамлекеттик-муниципалдык кызматкерлерди окутуп, системдик тесттен өткөндөн кийин аларга өз деңгээлине жараша сертификаттарды беребиз. Сертификат төрт деңгээлден турат. Ким кандай деңгээлде тапшырса, ошого ылайыктуу кызмат сунушталат”,- деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.02.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
акчаны иштете албай эмес озубуз иштей албай атабыз десенер жакшы болмок анткени озунордун билим денгеелинер томон болуп атпайбы.
26.02.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал акчаларды шайлоодо же жеке бизнестерге колдонушкан болуш керек деп шектенип жатам6, анткени мектептерде физика, математика, химия, астрономия, укук, биология боюнча чыгарылган китептер жетпейт. Ал эми тил коммициясы керектүү деңгээлде иштей албай жатканын моюнуна алышы керек да, ал кызматка керектүү кадрды койуу керек. Президентибиз ал жерге группалашын жетекчи кылып койгон. Таанышыбыз эмес, талантууларыбыз келип иштеши керек да!
26.02.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Антип калп эле актанбай. Оз ара акча болунуп кетти дайынын таппай калдык десенер иии баягы болгон турбайбы деп отуруп калабыз
26.02.2016. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калган акчаны мектептерге тамак бергиле ысык эки маал. Балдар ачка дурсо кыргызстандын келечеги кайда. Кобунчо балдар ооруйт. Туберкулез деген неме толтура
27.02.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп Жеш Үчүн Ашыкча Акча болдуруп алып. Жей Албай калганго Байкуштар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: