super.kg logo

Жалал-Абадда өздөрүн “милиция кызматкерибиз” деген эки жигит 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды

 

Жалал-Абадда өздөрүн “милиция кызматкерибиз” деген эки жигит 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү милицияга арыз менен Ноокен районунун тургуну кайрылган. Анда ал 16-февраль күнү саат 22:30 чамасында үйүнө жетүү үчүн такси тосуп турган 15 жаштагы кызын эки жигит "жеткирип коёбуз" деген шылтоо менен талаага алып барып, күч колдонуу менен зордукташканын айткан. Андан сырткары кызды зордуктагандар өздөрүн "милиция кызматкерлерибиз" деп айтып, "Бул тууралуу эч жакка билдирбейсиң!" деп коркуткандарын кошумчалаган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүүлөрдүн бири өзүн Афтандил деп тааныштырганы аныкталган. Кылмышка шектүү катары 21 жана 22 жаштагы эки жигит кармалган. Сурак учурунда өзүн Афтандил деп тааныштырган жигиттин аты башка болуп чыгып, ал аймактык милиция бөлүмүндө иштеген кызматкердин атын айтып, кызды коркутканын билдирген. Бул факт боюнча “зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2 жигит камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
25.02.2016. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркектерибиз ангилигин койбойт дагы,кыздарыбыз "сойкулугун" коймок беле.
25.02.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жакшы жашоону артык коргон эргуулдар экенда,эми азабын тартасынар.
25.02.2016. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ынсап бер алла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: