2015-2016-жылдары Марко Поло тукумундагы аркарлардын 68ин атууга уруксат берилип, 62си атылган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарындагы мергенчилик үчүн берилген жерлерде 2012-2014-жылдары жаныбарлардын саны төмөнкүдөй болгон:
- аркарлардын (памир тукуму) саны 17 599дан 18 988ге чейин жеткен;
- тоо текелер – 48 889дан 49 146га чейин;
- камандар – 1632ден 1668ге чейин;
- эликтер – 5253төн 5670ке чейин.
Бүгүнкү күндө 2015-2016-жылдарга республика боюнча мергенчилик мезгилге чет элдик мергенчилерге Марко Поло тукумундагы аркарлардын 68 башын атууга уруксат берилсе, 62си атылган. Тоо текелердин 274түн атууга уруксат берилген, 223ү атылган. Уруксат берилген 6 эликтен 3өөсү атылган. Ал эми карышкырлардын 28инен 10у атылган. Саналган жаныбарлардын арасынан Марко Поло тукумундагы аркар Кызыл китепке кирген.

Ар ким колдон келишинче атып,тируу кармап эле журушот го
арбир кайберендин каргышы ар башка каргыштын кесепети кыргызстанга тийип кетиши мумкун да
боорум ооруп кеттти жаныбарларга