super.kg logo

Быйыл жогорку окуу жайларда абитуриенттер үчүн 5700дөй бюджеттик орун берилет

 

Быйыл жогорку окуу жайларда абитуриенттер үчүн 5700дөй бюджеттик орун берилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда жалпы республикалык тестирлөө тууралуу жыйында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.

"Тестирлөөнүн жардамы менен ЖОЖдорго окуучулардын арасынан жөндөмдүүлөрү алынат. Ар бир предмет боюнча тесттин баасы 260 сом. Абитуриент канча көп сабактан тест тапшырса, ошончолук жакшы деген ой туура эмес. Абитуриент үчүн 6 сабактан тест тапшыруу оор, бизге да чарчап калган окуучудан тест алуу оор. Андыктан тест тапшыруудан мурун алгач абитуриент кайсы окууга окугусу келерин аныктап алуусу керек",- деди Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова.

Тестирлөө маалында абитуриенттин чөнтөгүнөн уюлдук телефон же дагы башка эрежелерге туура келбеген буюмдар табылса, тесттен чыгарылып, мындан ары ага катышуу укугунан ажыратыларын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.02.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Региондордун биринде тестирлөө болуп жаткан кезде, текшерүүчү болуп барган бала, окуучудан сом берсең, баллыңды жогорулатып берем деп айткан экен. Эл арасында айтылып жаткан сөздөрдүн чын төгүнүн билүү үчүн ошол жерге барган мугалимдерди суракка алуу керек, бирок ал нерсени айткан окуучу жоопкерчиликтен бошотулушу керек, анткени ал текшерүүчүлөргө көмөктөшкөнү үчүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: