super.kg logo

Сузакта "Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун үгүтчүлөрүнүн биринин үйүнөн өзбек тилинде жазылган китеп жана дисктер табылды

 

Жалал-Абад облусунун аймагында “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрү колго түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 26-февралда саат 08:00 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Күмүш-Азиз айылынын 1981-жылкы тургунунун үйүнө Сузак райондук сотунун тинтүүгө уруксат берүү токтомунун негизинде ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБинин 10-бөлүмүнүн жана Сузак РИИБинин 10-бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин катышуусунда тинтүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 1 даана өзбек тилинде жазылган китеп, 2 даана диск далил буюм катары алынган.

"Ушул эле убакта аталган айыл өкмөтүнө караштуу Масадан айылынын 1976-жылы туулган, буга чейин соттолгон К.М. аттуу тургунунун үйүнө соттун тинтүүгө уруксат берүү токтомунун негизинде милиция кызматкерлеринин катышуусунда тинтүү жүргүзүлүп, 2 даана дептер, 1 даана китеп жана уюлдук телефондун 7 даана СИМ-картасы далил буюм катары алынган. Топтолгон материал Сузак РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди",- дешти милициядан.

Ошондой эле Кургак-Көл айылынын тургунунун үйүндө жасалган тинтүүнүн натыйжасында 1 даана видеокассета, 2 даана өзбек тилинде ар кандай жазуулары бар жарым-жартылай күйгүзүлгөн баракча, 1 даана DVD-диск, 2 даана “Кифоя” аталышындагы китеп, 1 даана диний китеп жана 1 даана кара түстөгү ноутбук далил буюм катары алынган.

"Алынган далил буюмдарга соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Айта кетүүчү жагдай, 2015-жылы “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун 3 мүчөсү бул мыйзамсыз уюмдан чыккандыгын жалпыга эл астында билдирген",- деп эскертишти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
26.02.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушул озбектер кылгылыкты кылып кыл жип менен бууп анан уялбай бугунку бийлике нааразы болот одноклассниктеги видеону корсон ачык эле биз дагы баштайбыз деп айтып жатышат
26.02.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
uluukyrgyz,туура айтасыз менда видиосун кордум бирок качанкысы билбедим Аллах жазасыз калтырбасын чыккынчыларды ошол видиодогу адамдарды табыш керек улут аралык чырларды уюштуруп жаткандыгы учун.
26.02.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасынар ошо видеодо суйлогон озбектердин кесепетине бул жактагы адамдар калууда. Алар журот жыргап. ынтымакту жашап келген элди уруштурган ошолорду Аллах жазасын берсин.
26.02.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ссылкасын жоноткулочу королу
27.02.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akubeku, одноклассникте кыыйла талкуу болуп журот комментарияларында сакелер дагы уруш болот деп уверенно жазганына жанын чыгатта бл
27.02.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
хизбут деле элди бузуп уруштурганга угуттоп жатат буларды деле акырыын тыырс деп атып койуш керекго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: