super.kg logo

Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду унаа жолунун 104-чакырымына чейин оңдоо иштери жүрүп жатат

 

Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду унаа жолунун 104-чакырымына чейин оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана телекоммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылы өлкөдө өткөрүлүүчү эл аралык жыйындарга даярдануу иретинде Транспорт жана телекоммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти тарабынан Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду унаа жолун (0-104 чакырымын) оңдоо-түзөө үчүн тендер жарыяланган. Жыйынтыгында аталган департамент "Лонг Хай" Циндао корпорациясы менен 6 803 503 490 сомго келишим түзгөн. Оңдоп-түзөө иштеринде аталган унаа жолунун 0-104-чакырымдары 15,5 метрге чейин кеңейтилип, ар бир тарапка экиден тилке салынат. Ар бир тилкенин туурасы 3,75-3,5 метр, ал эми эң ичке бөлүгү 3 метрди түзмөкчү. Долбоордун баштапкы жалпы суммасы 9 миллиард 202 миллион 400 миң сомго барабар болгон.

Кышкы мезгилге карабастан, жолдорду оңдоп-түзөө иштери 2015-жылдын 5-ноябрында башталган. Суу түтүктөрүн жайгаштырууга, көпүрөнү курууга даярдыктар көрүлүп жатат. Көпүрөнү куруу үчүн узундугу 1,1 чакырымды түзгөн айланып өтө турган жол курулган.

Учурда куруу иштерине 162 адам тартылса, алардын ичинен 145и жергиликтүү жумушчулар, 17си чет өлкөлүктөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
26.02.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай жакшыы!
26.02.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагы бир кытайдын студент жигиттерине жолду берип салып эми мактанып олтурушканын уялбай. Алардын кандай арам жол менен иш алып барып жатканын гезиттер айта берип чарчашты окшойт. Уят биздин окмотко!! Мунун чындыгы чыкканда элдин бетин кантип карайт болду экен!!!
26.02.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bayana1987, ХХХ ХХХ эмне кылса да жакпайт ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-01 12:29:12
01.03.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sirgak_92 - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
26.02.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакпаса койсун, сизге жаксын деп жазган жокмун, мен билгенимди жазып жатам!!!
26.02.2016. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оа 9 миллиард 202 миллион сомго Ыссык- колду тегеретип жол салса болот
26.02.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол салып боомдун ичи Соонун болуп калды эми караколго чейин зымыраткыла....колдун аягына чейин...
27.02.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан колду айланып отот болду экен.салган жолубуз ак жолтой жол болсун.ушул жол менен ойу,ниети туздор журсо экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: