super.kg logo
  Саясат  

Орусиялык телеканал өлкөбүздөгү сындардан кийин кыргыз мамлекети тууралуу сюжеттин аталышын өзгөрттү

 

Орусиялык "Россия 24" телеканалы өлкөбүздө социалдык тармактардагы сындардан кийин Кыргыз Республикасы тууралуу сюжетинин аталышын өзгөрттү. Башында "Кыргызстан ИГИЛ үчүн кадр даярдоочу жайга айланды" деп берилген тема кийин "ИГИЛдин террорчуларын кантип жалдашат: атайын репортаж" деп өзгөртүлдү.

Белгилей кетсек, Орусиялык "Россия 24" жана "Россия" телеканалдары кыргыз өлкөсүн "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрүн даярдоочу жай" деп атап, эфирден кыргыздардын террордук уюмга азгырылып жатышы тууралуу сюжет кетиришкен. Анда кыргыз мамлекети Орусияга аталган уюмдун өкүлдөрүнүн киришине жол ачуучу негизги каналга айланганы айтылат.

"Аталган өлкөнүн жүздөгөн жарандары учурда Сирияда согушуп жатышат, кийин алар эмгек мигранты катары тоскоолдуксуз, визасыз биздин өлкөгө кириши мүмкүн. Буга жакында эле Санкт-Петербургда бир нече жардыруу уюштурууну пландап кармалган аталган өлкөнүн жарандары мисал",- дейт "Россия" телеканалынын диктору.

Андан ары сюжетте "Ислам мамлекети" тобуна адамдарды тартууга шектелип кармалган Улукбек Убайдуллаев аттуу жарандын маеги, азгыруучулардын тузагына илинген жарандар тууралуу маалымат берилет. Телеканал баяндамачысы кыргыздар жакырчылык жана диний сабатсыздыктан улам Сирияга азгырылып жатканын айтат.

"Кыргызстанда Сириядагы жарандары эртеби-кечпи мекенине кайтып келишинен чочулашат. Бул деген алар мигрант катары кыйынчылыксыз коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Орусияга да кириши мүмкүн дегенди билдирет",- дейт баяндамачы.






"Кыргызстан ИГИЛдин кадр даярдоочу жайына айланды" дейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: