Кыргыз бийчилери Москвада өткөн "Оникс Кубогу" мелдешинде 2 алтын, 1 күмүш медаль тагынышты




23-февралда Москва (Орусия) шаарында бий спорту боюнча "Оникс Кубогу" мелдеши орун алган. Мелдешке Кыргыз Республикасы, Армения, Орусия жана Казакстан сыяктуу мамлекеттердин спортчулары катышкан.
КРнын аталган спорт түрү боюнча федерациясынан кабарлашкандай, Александр Шефлер жана Амина Надирова жуптугу эки категория боюнча жарышка түшүп, биринде алтын, экинчисинде күмүш медаль тагынышты.
Латын Америка бийи боюнча жаштар арасында Рустам Резванов жана Олеся Володина жуптугу 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынышты.
Кыргыз бийчилери “Латын кварталынын Кубогу-2016" мелдешине да катышып, байгеге илинбей калышты. Ал мелдешке дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн спортчулар катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Чамасы озубуздун командабыз дер адашып калбады бекен калыстар тобу