Баткен облусунун тургуну 1 килограммдан ашуун баңгизат менен кармалды
Ош-Баткен унаа жолунан 1 килограммдан ашуун баңгизат менен 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 26-февраль күнү Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-февраль күнү Ош-Баткен жолунан ВАЗ-2105 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүү учурунда алдынкы отургучунун астынан 1 килограмм 57 грамм салмагындагы гашиш табылган. Бул факт боюнча унаанын 47 жаштагы айдоочусу кармалып, ага карата “мыйзамсыз түрдө баңгизат даярдоо, сактоо, аны таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Begim94

26.02.2016. 18:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кокуй бангизат м.н кармалгандар кобойдубу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.