Жайыл районунда мал уурдоого шектелип мурда соттолгон адам кармалды

Жайыл районунда мал уурдоого шектелип мурда соттолгон адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы Ж.Э. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылган. Ал 7-февраль күнү белгисиз адамдар мал базардан козусун уурдап кетишкенин айткан. Бул факт боюнча "мал уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 31 жаштагы И.А. аттуу жаран кармалган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
jonl86

26.02.2016. 16:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздинда 5 уй 1букабыз жоголгон
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.