super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Оштогу университетте 8-Мартка карата "Идеалдуу түгөйлөр-2016" сынагы өттү

 

Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде 8-Март - Айымдардын эл аралык күнүнө карата "Идеалдуу түгөйлөр-2016" сынагы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган сынак кафедралар арасында өттү, ага төрт жуп катышты. Сынак 4 турдан турду:
1. Саламдашуу (түгөйлөр таанышкан күнүн сахнадан жана видеотүрмөк аркылуу көрсөтүштү)
2. Серенада (түгөйлөр дуэт ырдашты)
3. "Мен сени сүйөм!" (түгөйлөр бири-бирине сүйүүсүн арнашты)
4. Интеллектуалдык тур (бул турда түгөйлөргө суроолор берилди)

"Жыйынтыгында англис тилинин грамматикасы жана фонетикасы кафедрасынын студенттери Төрөгелди Сыдыков жана Бакытбек кызы Динара 1-орунду ээлешти. Бул түгөйлөр эми ОшМУнун факультеттеринин арасында өтүүчү "ОшМУнун идеалдуу түгөйлөрү-2016" сынагына катышуу үчүн жолдомо алышты",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
26.02.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушул идеалдуу тугой, мисс-2016, мистер -2016 деген сынактары тугонбойт ОшМУ нун
26.02.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОшМУ качан илим конференцияларын откозосунор ошону учун сиздердин бутуручунор илим жактан ноль болот.Качан болбосо мис айым, мис эркек тажатынар.
27.02.2016. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KGstan81, ар кимдин кабыл алуу жөндөмү ар кандай болот экен. Ким айтты бүтүрүүчүлөр илим жактан нөл деп? Бир кумалак бир карын майды чиритет болуп жатат окшойт
27.02.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan81,Эмне Элдик кабарга конференциялар жонундо эмес,жалан конкурстар жонундо маалымат берилсе ОшМУда эч кандай илимий конференция болбойт деп ойлойсунарбы?
rose1996 түзөттү 2016-02-27 01:43:07
26.02.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
окуужай болбой эле бирнесе кана болуп калды бул
26.02.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буга окшогон "Сулуулук" , "Кыз жигит" конкурстарынын эмне кереги бар, андан коро билим денгээлин сынап, мс: Ысык-Колго жолдомо берип, конкурс откорбойбу. Ошондо студенттер да жакшы окуп, жакшы билим алууга умтулуша беле...
26.02.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ха ха ха башында бирөөсү терс коммент.жазса калгандары да аны ээрчиген бойдон кеееееееттти......

Жеңүүчүлөрдү куттуктайм.Мындай оюндар дээрлик баардык мамлекеттердин университеттердин арасында өтүп келген жана өтө берет.Бул жөн гана түгөйлөргө стимул.Изденишет,кругозорду кеңейтишет.
27.02.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге ушунчалык көрө албастык сезим күчөп кеткен адамдарда?Көрбөй билбей туруп ар нерсени сүйлөй берген болбойт!
27.02.2016. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОшМУда маданий эле эмес маселен Салы Каримовтун атынан жылына беш эң мыкты студентке 100$ айына төлөнчүү стипендиясына да конкурстар бар. Андан сырткары илимий жумалыктар да байма-бай өткөрүлүп келет.
28.02.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыым, жакшы элего дейм мындай нерселердин болуп турганы. Кичине болсода мээн сергийт, итакле сонку каварлардан башын ооруйт))
Тема боюнча айтсам: илгери биз окуп жургондо жакшына кийинип, прическалар м.н чыгышчу. Мыналардын суротун коруп эле кызыксыздай корунду…
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: