super.kg logo

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жарыяларды, афишаларды мамыларга жана бактарга чаптабоого чакырат

 

Бишкек мэриясы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна шаардын көркүн бузуп келген жарыяларды, афишаларды мамыларга, бактарга жана имараттардын дубалдарына чаптабоо өтүнүчү менен кайрылат.

Учурда "Тазалык" муниципалдык мекемесинин жумушчулары мамыларды жана бактарды чапталган жарыялардан тазалоодо. Аны менен бирге шаардыктарды да тазалыкты сактоого жана шаарды көрктөндүрүүгө болгон аракеттерди колдоого чакырат.

"Бишкек шаарынын көркүн буза турган кандайдыр бир жарыяларды, маалымат баракчаларын, ошондой эле концерттик афишаларды имараттарга, дубалдарга, аялдамаларга, мамыларга жана бактарга илүүгө тыюу салынарын эскертебиз",- деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет жеке ишкерлерге жана эстрада артисттерине жарнама илүүчү компанияларга кайрылбоону сунушташат, себеби алардын ишмердиги мыйзамга туура келбейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
26.02.2016. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атайын доскаларды жасап туруп, мындай эреде бузгандарга шраф салыш керек.
26.02.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн туура чечим.баарыбыз колдойлу.
26.02.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура чечим. Эми тазалап анан тыйуу салып эле жон койбостон, жакшы чара колдонуу керек. Катуу жаза туркндо сонураак штраф салуу керек да. Чынында шаарыбыздын коркун бузушууда
27.02.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен колдобойм,мындай чечим чагарардан мурда,шаар ичине тактайчалар болуш керек.Атайын жарыя тактайчалары болгон сон айтышса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: