super.kg logo

Жылнаама, 29-февраль: Мындан 56 жыл мурун жер титирөө Мароккодогу Агадир шаарын толугу менен талкалаган

 

* Мындан 64 жыл мурун, 1952-жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты Эркин Сакебаев Ош облусунун Ош шаарында туулган. 1974-жылы Фрунзе политехникалык институтунун механика факультетин аяктап, "инженер-механик" адистигин алган. Ушул эле жылдын август айында Канттагы №1-автобазага механик болуп кирип эмгек жолун баштаган.
2010-жылдын ноябрь айынан баштап Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

* Мындан 8 жыл мурун, 2008-жылы парламенттик шайлоо алдында талапкер Эдил Байсалов бюллетендерди интернетке жайып жибергендиги үчүн Бишкек шаардык соту Кыргызстан социал-демократтар партиясын мамлекеттин пайдасына 16,5 миллион сомдук айыпка жыккан.

* Мындан 76 жыл мурун, 1940-жылы америкалык киноактриса Хэтти Макдэниелге "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты актриса" наамы ыйгарылып, Хэтти бул наамды алган биринчи кара терилүү айым болгон.
1934-жылы тартылган "Судья Прист" тасмасында эң алгачкы жолу актрисанын аты-жөнү титрга жазылган. Ал жалпысынан 300дөн ашык кинодо роль жараткан, алардын катарында "Унесённые ветром" (1939), "В этом наша жизнь" (1942), "Благодари судьбу" (1943), "С тех пор как вы ушли" (1944) тасмалары бар.
Хэтти Макдэниел 1895-жылы 10-июнда төрөлүп, 1952-жылы 57 жашында көз жумган.

* Мындан 56 жыл мурун, 1960-жылы жер титирөө Мароккодогу Агадир шаарын толугу менен талкалап, 15 секунданын ичинде 15 миң киши набыт болгон.

29-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.02.2016. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо,адамдын,жер-суунун аталыштары мейли,а тасмалар,чыгармалардын темасын оз тилибизге которуп жазсак болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: