Индияда 35 жаштагы адам үй-бүлөсүнүн 14 мүчөсүн бычактап өлтүргөн соң асынып алды. Себеби белгисиз
Индияда 35 жаштагы адам үй-бүлөсүнүн 14 мүчөсүн бычактап өлтүрүп, анан асынып алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 1981-жылы туулган Хансил Варекар майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу болуп иштеген, аймакта анын үй-бүлөсү бактылуу деп эсептелинген. "27-февралда кечинде Х.Варекар үй-бүлөсү менен үйүндө конок тоскон эле. Кечеден кийин туугандардын көбү түнөгөнү калышкан. Саат 02:00 чамасында Варекар сырткы эшиктерди кулпулап, аялын, 8 баласын, 3 эжесин жана ата-энесин бычактап салган. Андан соң ал өзү асынып алган",- деп полицияга таянып жазышты басылмалар.
Бул окуяны полицияга кылмышкердин эжеси айтып бергени маалым болду. "Анын кыйкырыктарын угуп калган кошуна үйгө кирүүгө аракет жасаган. Ал эшиктерди ача албай, биринчи кабаттагы терезелерди сындырып кирип, аялды куткарган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага жардам көрсөтүлүүдө. Үй-бүлөнүн башчысы эмне себептен мындай кылмышка барганы белгисиз. Полиция тергөө амалдарын жүргүзүп жатат",- деп айтылат маалыматтарда.

Култап дегенге тушунбосон башка создору аркылуу деле тушуунууго болот.
Эшик дегенди билээрсинго...
Психический жактан оорусу бар окшойт да,норм адам андай жолго барбайт эле.
Же ичине жин кирип алып,ошол башкарып ушул олумго туртту да.