super.kg logo

Бир катар салык органдарынын жетекчилерине тартип жазасы берилди

 

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын чечимдерин аткаруу максатында бир катар салык органынын жетекчилик курамына тартип жазасы берилди. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов кол койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, катуу сөгүш 33 башчы жана алардын орун басарларына жарыяланса, 19у сөгүш алып, 7 эскертүү берилди. Тартип жазасы 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткарбагандыктары, салык карызын өндүрүү боюнча начар иштери жана башкалар үчүн берилди. МСКнын жетекчилиги салык органдарынын башчыларына жана алардын орун басарларына ар бир айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткарбаган учурда ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартип жазалары берилерин эскертти.

"Ушул жылдын 8-февралында МСКнын 2015-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча КРнын Премьер-министри Темир Сариевдин катышуусу менен мекеменин коллегиялык отуруму болуп өткөн. Отурумда бир катар маселелер, анын ичинде 2015-жылдагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, салык карызын өндүрүү боюнча иштердин абалы талкууланган. Ошондой эле өткөн жылдагы салык текшерүү жүргүзүү боюнча салык органдарынын иштеринин жыйынтыгы жана башка маанилүү маселелер каралды",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: