super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Базар-Коргон районунун Чкалов айылынын тургундары "Сармерден" уюштурушту

 

Кечээ, 28-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Чкалов айылында Тарых жана маданият жылына карата чакан иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

"Чкалов айылынын тургундары эки топко бөлүнүп "Сармерден" уюштурушуп, элди ынтымакка чакырып, кызыктуу кече өткөрүштү. Улуу-кичүү чогула кыргыздын каада-салтын даңазалап, комуздун, аккордеондун коштоолорунда жандуу үн менен ырдашты. Кыргыздын улуттук бийи аткарылып, эстен кеткис эски кайрыктар жаңырып, накыл сөздөр, макал-лакаптар, жаңылмачтар, табышмактар айтылып, иш-чара шаңдуу өтүп жатты. Энелерибиз ак элечек, ата-агаларыбыз ак калпак кийип, айтор, көрүүчүлөрүбүз да улуттук кийимчен келишкен. Коноктор ыраазы болуп, кубануу менен кайтышты",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Чкалов айылындагы Сармерден

Чкалов айылындагы Сармерден 2

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.02.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо мен жургон айылгоо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: