super.kg logo

Миллиондон ашык гүл өскөн күнөсканадан фоторепортаж

 

Быйыл Бишкекке 17 түрлүү жана 52 сорттогу 1 миллион 240 миң гүл отургузулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Жашылдандыруу” ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер билдирди. Анын айтымында, март айында үшүк жүргөнүнө байланыштуу гүлдөрдү отургузуу иштери жылда 20-25-апрель күндөрү башталып, 10-июнга барып аяктайт.

Быйыл биз бир жылдык гүлдөрдөн тышкары 1327 даана ийне жалбырактуу, 3854 жалбырактуу өсүмдүк, 312 миң бадал кашаа, 2890 бадал жана 22 миң роза тигебиз. Алгач "Жеңиш" жана "Ала-Тоо" аянттарына жана сейил бактарга отургузабыз”,- дейт Кравер.

Борборго отургузулчу гүлдөр Бишкектеги эки гүл күнөскасында өстүрүлөт. Бул боюнча маалыматты “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын №1-гүл бакчасынын жетекчиси Мария Акматова билдирди. “Жазгы гүл өстүрүү иштерин январь айында баштайбыз. Алгач күнөсканалардагы оору козгогучтарды атайын каражаттардын жардамы менен жок кылып чыгабыз. Анан үрөндөр 60 пайыз жакшы сапаттагы кара топурак, 30 пайыз жер семирткич жана 10 пайыз кум кошулган аралашмага себилет. Ал гүлдөр бир аз өсүп калганда ар бирин бирден бөлүп идиштерге салабыз. Гүлдөр жакшы өсүш үчүн күнөскананын ичиндеги температура кичинекей темир мештердин жардамы менен 15 градустан кем болбойт”,- дейт жетекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
29.02.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
9-майга карата гулдоп калат экенда бажырайган гулдор
29.02.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
8-мартка карата тымызын реклама болуптур, ачылган гүлдөргө
29.02.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул плантация, теплица жакшы бизнес. Кочоттон баштап жемиштерди да остуруп орусияга сатып миллионер болуп кетсен болот. Орустап голландиядан айыл чарба тушумдорун алып келбей калбадывы. Эми Израиль ден апкелип коп убакыт жана коп чыгым сарптап жатышат. Ушунун баары бизде остурсо чын эле суроо талап куч убагында чон киреше тапса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: