super.kg logo

Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын тургундары айыл аймагында кен казууга каршы чогулушууда

 

Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын тургундары айыл аймагында кен казууга каршы чогулушууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын Руслан аттуу тургуну билдирди.

"Кассана Минералс" компаниясы айылдын четинен 69 килограмм алтын казабыз деп, отурукташуу үчүн мамыларды орнотушуп, электр энергиясын тартып жатышат. Ага айыл өкмөтү уруксат берсе керек, бирок кен казуу тууралуу Жайыт комитети, жер адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн эмес. Алтынды чайкоо үчүн 1000 куб суу бата турган 2 тундургуч курабыз деп жатышат. Кенди суунун четинен казышат, ал суудан Кара-Күнгөй, Терек-Суу, Мазар-Суу, Чолпон-Ата, Чоң-Арык айылдарынын жашоочулары суу ичишет. Ал жакта уран бар деген имиштер бар. Эгер кен казылса, ал экологияга терс таасирин тийгизет",- дейт тургун.

Ошондой эле бул чогулушка бир гана Чолпон-Ата айылынын тургундары эмес, коңшу айылдардыкы да келишкени маалым болду.

Тургундун айтымында, аталган компаниянын кен казуу лицензиясы жана уруксаты кимден алынганы белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.02.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтындын аты жаман:ал-тын. Жердештерге ийгилик каалайм.
04.03.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5 мартта да 6 айылдын эли чогулганы жатат. бул убакытка чейин эки жолу погрузчик эксковаторлорду жолдон откорбой коюшкан. элдин жашоо шартында ойлонуш керекда алты айыл ал суудан ичет дыйканчылык кылат. кочуробуз башка жерге деп жатышат биз токтогулдун эли эмне айдаса эле кете бергендей. 1979 жылы Гес курабыз деп уйлорубуз суунун астында калган. эми отурукташып орун алып калдык дагы кочушубуз керекпи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: