super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Жеңемдин 4 баласы бар. Үй-жайы, унаа жана башка мүлктөрү жок. Ал эми жолдошу чет өлкөлөрдүн биринде эмгектенет. Балдарына жөлөк пул ала алабы?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жаначечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Жеңемдин 4 баласы бар. Үй-жайы, унаа жана башка мүлктөрү жок. Ал эми жолдошу чет өлкөлөрдүн биринде эмгектенет. Ата-эненин каттоосу бири Бишкекте, экинчиси айылда экен. 4 баласына жөлөк пул ала алабы? Суроо калтырган Nurani111

Жооп: - “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат.

Баланын ата-энесинин бири (атасы) бир региондо катталып, ал эми ата-энесинин экинчиси (апасы) башка региондо катталган болсо, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул ата-энесинин биринин катталган жери боюнча дайындалат. Ал эми ата-энесинин экинчисинен жашаган (катталган) жери боюнча ал балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул албай тургандыгы жөнүндө маалым кат талап кылынат.

Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан жооп беришти.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: