Жогорку Сот: "Сакал" каймана аттуу Улан Токтосуновдун баш коргоо чарасын караган сот жыйынына айыпталуучу өзү катышты
Улан Токтосуновго (кылмыш дүйнөсүндөгү каймана аты Сакал) карата Бишкек шаардык соту анын баш коргоо чарасын Токтосуновдун катышуусусуз карады деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Муну бүгүн, 29-февралда Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.
"2013-жылдын 13-январында Биринчи Май райондук соту Улан Токтосуновдун баш коргоо чарасын 2016-жылдын 13-январынан 14-февралына чейин камакта болуу деп аныктаган. 2016-жылдын 12-февралында Улан Токтосуновдун баш коргоо чарасы 2016-жылдын 14-мартына чейин узартылган. Соттолуучу Токтосунов соттук процесске Нарындагы СИЗОдон алынып келинип, катыштырылып, кайра ошол жакка күзөт менен жеткирилген",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.