"Кара-Кече" жана "Миң-Куш" кендерин иштетүү боюнча сынак жарыяланды
2016-жылдын 1-мартында "Кара-Кече" жана "Миң-Куш" кендерин комплекстүү иштетүү лицензиясы боюнча сынак жарыяланды. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин билдиришинче, сынактык комиссия жарышка катышуу үчүн төлөнүүчү сумманы 15 миллион сом деп аныктаган. Мындан тышкаркы талаптар геологиялык кыскача маалымат пакети үчүн 2 миллион 300 миң сом, кепилденген мүчө акылыкка 76 миллион сом төлөө экени маалымдалды.
Катышууну каалагандар тийиштүү документтерин 2016-жылдын 15-апрели, саат 15:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшырышы керектиги айтылды:
Бишкек шаары, Эркиндик бульвары-2, 219-бөлмө. Тел.: (0312) 90 98 68.
Белгилей кетсек, аталган көмүр кендери Нарын облусунун аймагында жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

