super.kg logo

Баткенде кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өспүрүмдөрдүн арасында кароо-сынак болуп өттү

 

Баткен облусунун мектептериндеги “Милици­янын жаш жардамчысы” отрядынын облустук­ кароо-сынагы болуп өттү.­ Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кароо-сынактын максаты - өспүрүмдөр а­расындагы ар кандай укук бузуулардын жа­на кылмыштуулуктун алдын алуу. Бул кароо-сынакка февраль айын­да райондук, шаардык де­ңгээлде өткөрүлгөн сынактан жеңип чыкк­ан 6 команда катышты. Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби­нин “Милициянын жаш жардамчысы” отрядыны­н мүчөлөрүнөн түзүлгөн “Алмаз” командасы­ жеңүүчү деп табылып, март айында Бишкек­ шаарында өтүүчү республикалык кароо-сын­акка катышууга жолдомо алды. ­

"Бул кароо-сынактын негизинде Баткен ОИИБинин­ жыйындар залында облустук билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дин кызм­аткери, Баткен облустук бириккен оорук­анасынын дарыгер-психиатры жана Өспүрүм­дөр менен иштөө боюнча инспекциянын тескөөчүл­өрү менен биргеликте тегерек стол болуп ­өттү. Анын жүрүшүндө акыркы м­езгилде актуалдуу маселелердин бири болгон­ өспүрүмдөр арасындагы ар кандай уку­к бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын­ алуу, өспүрүмдөргө карата жасалган ­зордук-зомбулукту болтурбоо жана башка к­өйгөйлүү маселелер талкууланды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: