Муфтият 2016-жылы ажылыкка барчу зыяратчылардын кийимин тигүү боюнча сынак жарыялайт

Муфтият 2016-жылы ажылыкка барчу зыяратчылардын кийимин тигүү боюнча сынак жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган сынак дизайнерлер арасында жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын баасы орто эсеп менен 20 доллардын тегерегинде болушу зарыл. Аталган сумманы зыяратчылар өздөрү төлөшөт.
“Сынакка былтыр 4 тигүүчү катышып, алардын арасынан бардык талаптарга жооп берген 1 дизайнер 3685 адамга атайын кийим тигип берген. Сынакты биз жыл сайын өткөрбүз, бир буйрутманын баасы 600 миң сомду чапчыйт. Мындан улам бардык каалоочулар мүмкүнчүлүктөн пайдалансын деп жылда өткөрөбүз.
Зыярат маалында күн өтө ысык болгондуктан, биз ак, күңүрт жана боз өңдөргө басым жасайбыз. Ошондой эле кездеменин сапаты жана тигүү мөөнөтү каралат”,- дешти муфтияттан.
Айта кетсек, тандоо комиссиясына бардык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирет. Ал эми тигилүүчү кийимдер штаб мүчөлөрүнө, аялдарга жана эркектерге деп бөлүнүп, ар бир комплект жок дегенде эки бөлүктөн турушу керек.






1 |