super.kg logo

Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

 

Узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, 2-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жаралып, жолдор тоңголок, тайгак болот.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт: Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5° суук, күндүз 7…12° жылуулукка чейин, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 1…6° суук, күндүз 3…8° жылуулукка чейин.

Мындай аба ырайы унаа жолдорунун абалын начарлатат, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
01.03.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын эми. Дыйканчылык башталды, момо-жемиштер гулдоду суук катуу болбосо экен.
01.03.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жамгыр жаасынчы Кудай бардык жер кургап кетти.
01.03.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Munar8625,бизде кар кете элек. Жер кургаганын күтүп жатабыз.
01.03.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Табияттын бул кубулушуна адам баласы шүгүрчүлүк гана келтирүүсү керек, мейли кандай гана абал болбосун, негизгиси аба таза болуп турганына шүгүр этели.
01.03.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай сактай кор суук болбосун деп кышы менен тилендим апам аялым балдарым айылда мен москвага келгем суукта кыйналып калбасын мал ал менен кудай сактай кор
01.03.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бирок кун эрте эле ысып алды эле, орук гиластар гулдоп. Баардык нерсени оз убагында болгону жакшы да
01.03.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дыйкандарга эле кыйын болду .
01.03.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлдөгөн мөмө жемиштерди, кылтыйып калган эгиндерди үшүк урбаса экен деги. Кыштын жылуулугун жаздын суугу менен чыгарбаса эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: