29-февралда өлкө боюнча 336 наристе жарыкка келди, алар туулган күнүн ар 4 жылда бир жолу белгилешмекчи

2016-жыл толук жыл катары эсептелинет. Анткени бул жылдагы күндөрдүн саны 366ны түзүп, февраль айында 29 күн болот. Кечээ, 29-февралда өлкө аймагындагы төрөт үйлөрүндө 336 наристе жарыкка келди. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
4 жылда бир жолу туулган күнүн белгилей турган наристелердин эң көбү Ош облусунда төрөлдү. Облустар боюнча көрсөткүчкө көз салып коюуну сунуштайбыз:
- Баткен облусунда - 46 наристе
- Ош облусунда – 105 наристе
- Жалал-Абад облусунда – 60 наристе
- Талас облусунда –15 наристе
- Нарын облусунда –13 наристе
- Ысык-Көл облусунда – 21 наристе
- Чүй облусунда – 11 наристе
- Бишкек шаарында - 65 наристе
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:24
2025-11-07
15:27
2025-11-07
14:27
2025-11-07
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Мен племянницалуу болдум!!! Ураааа!!!