super.kg logo

Белгилүү акын Жусуп Турусбековдун чөбөрөсү көчөдө калганы айтылды

 

Белгилүү акын Жусуп Турусбековдун чөбөрөсү Исмаил үйүнөн мыйзамсыз ажырап калганын 1-мартта айтып чыкты.

Белгилүү болгондой, акындын жалгыз баласы Күлчоро Турусбеков дунган улутундагы Шохуар Исхаковага үйлөнгөн. Бирок балалуу боло алышпай Исмаилди багып алышкан. Күндөрдүн биринде Күлчоро үйүнөн чыгып кетип, кайрылып келген эмес. Үйүндөгү апасы менен кичинекей Исмаилди аялы багып калган. Акындын жубайы, үйүнөн чыгып кеткен Күлчоронун апасы Гүлсүн көзү тирүү кезинде Бишкектеги өздөрү жашап жаткан үйүн келинине мураска калтырган. Ал эми келини көзү өтөрдө Исмаил кичинекей болгондуктан, үйдү өзүнүн бир тууганы Рамза Исхаковго убактылуу каттатып берген жана уулу бойго жеткенде Рамза үйдү Исмаилге кайтарып берерин туугандарына керээз катары калтырган. Бирок бир тууганы каза болору менен Рамза Исмаилди үйдөн кууп чыкканы айтылды.

“Чоң энем (ред. баккан энеси Шохуар) каза болгондон кийин Рамза Исхаков үйдүн ачкычын алмаштырып, төрт бөлмөлүү үйдү сатып жиберип, мени көчөгө кууп чыккан”,- деди Исмаил.

“Рамза үйдү сатып, анын акчасына унаа жана башка үйлөрдү сатып алган. Жусуп Турусбековдун үйү мамлекет тарабынан кайтарылып, аны музей катары калтырыш керек эле. Болбосо коомчулуктун жардамы менен үйдү акындын чөбөрөсүнө кайтарып берсек, анткени азыркы күндө Жусуп Турусбековдун жалгыз кызынын баласы көчөдө калды”,- деди Турсунбек Акун.

Маалыматка таянсак, Исмаил - Күлчоро Турусбековдун мурунку аялынан кызы Жаңыл Турусбекованын уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(5)
01.03.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы келини 2чи аял экен баласы жоктунуна байланыштуу огой небересин багып алат.Анан багып алган келини
олоордо озунун акесине каттатып кийин баккан бала чонойсо берип кой дейт.Бирок акеси карындашы олоору менен уйду сатып жибериптир балага бербей эле...
01.03.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Исмар (Исмаил) менен мен бала кезден чоогу бир мектепте окугам заыр ал уйбулолу болуш керек чындап эле ал ата-энеси жок чонойгон классташым буюруп уйлуу болуп калсакен
02.03.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо Кулчоро озу каякта экен азыркы кундо?
02.03.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurzada78,уйунон чыгып кеткен бойдон кайрылган эмесдейт..ошонучун чон энеси дунган келинине белек кылган экен ал келини козу отоордо биртууганына кереез кылып бала чонойгондо бересин деген экен...
02.03.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темадан алыс билдирүүлөрдүн баары өчүрүлдү.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, суроо, сунуштар info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: