super.kg logo
  Спорт  

Британиялык депутат "Азия футбол конфедерациясынын президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы добушун саткан" деп айыптады

 
Дамиан Коллинс
Шейх Салман бин Ибрахим аль-Халифа

Азия футбол конфедерациясынын президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы добушун саткан. Мындай маалыматты 24-февралда "The Guardian" басылмасы Британиянын Коомдук палатасынын депутаты Дамиан Коллинске шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, депутат кезектеги отурум алкагында сөз алып, ушул чуулуу маселеге токтолду. Анын айтымында, 2013-жылы шайлоо алдында аталган конфедерациянын учурдагы президенти (ал кезде бул кызматка талапкер болчу) шейх Салман бин Ибрахим аль-Халифа 1,6 миллион фунт сарптаган. Буга катар айрым эреже бузууларга жол берилген. КРнын Футбол федерациясы шайлоого 3 күн калганда 53 долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү суранып, Азиянын Олимпиадалык кеңешинен бир канча миллион фунт сураган. Депутат аталган кеңештин футболго тиешеси жок экенин, бирок аны жетектеген шейх Ахмад Аль-Фахад Аль-Сабах сөз болуп жаткан шейх Салмандын жакын санаалашы экенин айтат.

Коллинс өз сөзүндө шайлоо өткөндөн кийин Олимпиадалык кеңешке кайрадан кайрылуу түшүп, федерация 53 долбоор үчүн сүйлөшүлгөн каражат качан колго тиерин тактап сураганын айтат.

"Бул Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы 2013-жылы шейх Салманга добуш бергенин жана андан тиешелүү каражатты алганын шекшигенге түртөт",- дейт депутат.

Кошумчалай кетсек, Азия футбол конфедерациясы (АФК) түздөн-түз Эл аралык футбол федерациясына баш ийип, бир багытта иш алып барат. Ал эми Азиянын Олимпиадалык кеңеши Эл аралык Олимпиада комитетине баш ийет жана футболдук уюмдарга тиешеси жок.

Бул маселе боюнча шейх Салмандын өкүлдөрү комментарий берип, 2013-жылкы шайлоо таза өткөнүн жана ал артыкчылык менен жеңишке жетишкенин айтышты.






Британиялык депутат Кыргызстандын футбол федерациясын айыптады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
01.03.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кыргыз баардык жерде кыргызчылык кылат окшойбуз,уят эле ушунтип журсок качан онолобуз!!!!!!!!!!
01.03.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ошол долбоору ишке ашкан болсо жакшы, болоор иш болуптур.Бирок, уят эле., бир аз жылып калышса, бул нерсеси ачыкка чыгып калганы.
01.03.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-01 16:01:48
01.03.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
soccer_boy95,
Эскертүү! Коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынат!
01.03.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анча тушунбой калдым
01.03.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызга баары бир да.Ким Азия футбол федерациясынын президенти болсо да .
01.03.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи УЕФАндын коррупциясын женип алчы АЗИЯга аралашпай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: