Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен жолугуп, бир нече маселелер каралды



Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын муфтийи Албек Ибраимовду жаңы кызмат орду менен куттуктап, ак калпак жана өзү которгон куранды белек кылды. Ошондой эле ыйман тазалыктан башталарына токтолуп, келе жаткан ишемби күнү муфтият мэрия менен биргеликте ишембилик уюштурууну белгилешти. Ал эми мэрия ишембиликте таштанды чыгаруу үчүн атайын техникалар менен камсыздоо, курулуп жаткан жаңы борбордук мечитке электр энергиясын киргизүүнү чечүү маселеси талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.