Борбор шаарда зордуктоо кылмышына шектүү жаран колго түштү
21-март күнү Бишкек шаарынан зордуктоо кылмышына шектүү Сулик аттуу жаран колго түштү. Ал баш калаадагы Жаш Гвардия-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Дельфин” бассейнинин жанынан 33 жаштагы Г.М. аттуу айымды зордуктоо окуясы боюнча күнөөлөнүүдө. Бишкек ШИИБинин маалыматы боюнча, бул кылмыш тууралуу жабырлануучу айым арыз менен милицияга кайрылган. Ал эми айыпталуучу Бишкек шаардык ИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.