Леонардо ди Каприо өзүнүн алгачкы "Оскар" сыйлыгын клубга унутуп койгон

Леонардо ди Каприо өзүнүн алгачкы "Оскар" сыйлыгын клубга унутуп койгон. TMZ басылмасынын кызматкери бул окуяны видеого тартууга үлгүргөн.
"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи бүткөндө Леонардо ди Каприо Голливуддагы "Ago" барына жеңишти белгилөө үчүн барган. Ал жактан 2 кыз жана 1 эркек адамдын коштоосунда чыгып, унаага отурган. Унаадан ал шампанды ачканы жатканда, бардын кызматкери "Оскарды" көтөрүп келип: "Сыйлык сиздикиби? Алып кетесизби?"- деп сураган. Леонардо ди Каприо унаанын алдындагы адамды көрсөтүп: "Дэнге берип койчу",- деп жооп берип, өзү шампанды ачуу менен алек болгон.
Эскерте кетсек, актёр кечээ, 29-февралда алгачкы "Оскар" сыйлыгын "Тирүү калган" ("Выживший") тасмасындагы ролу үчүн алган.
Леонардо ди Каприо өзүнүн алгачкы "Оскар" сыйлыгын клубга унутуп койгон
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Адистер текшеришти, баары жайында. Балким катачылык сиз тараптан кетип жаткандыр. Дагы бир ирет кайталап көрсөңүз.
Ал сиздин интернеттин ылдамдыгынан да көз каранды.