super.kg logo

Бишкекте “Мода индустриясы: буюмдар жана жабдуулар-2016” көргөзмө-жарманкеси ачылды (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 2-мартта Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Мода индустриясы: буюмдар жана жабдуулар-2016” көргөзмө-жарманкеси ачылды. Иш-чара 10-ирет өткөрүлүп, аны КРнын Жеңил өнөр жай ассоциациясы уюштурууда. Аталган мекеменин менеджери Наргиз Байтерекованын айтымында, көргөзмө-жарманкеге 50дөн ашык жергиликтүү тигүү ишканалары, ошондой эле Германия, Чехия, Кытай, Япония, Корея, Түркия жана Монголиянын ишкерлери катышууда.

"Кардарлар жарманкеден кыргыз жергесинде тигилген кийимдерди, жабдууларды, кездемелерди, тери жана чет элдик өндүрүүчүлөрдүн товарларын, ошондой эле бут кийим, кол өнөрчүлүк буюмдарын жана сувенирлерди арзан баада таба алышат.

Көргөзмөнүн программасы боюнча Кыргыз Республикасында мода индустриясын өнүктүрүүгө арналган суроолорду талкуулоо үчүн семинарлар, тегерек столдор, сынактар жана мастер-класс уюштурулат",- деди Байтерекова.

Көргөзмө-жарманке 7-мартка чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
02.03.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча болгондо...
02.03.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айымдарга ылайыктуу койноктор 100 сомдон сатылып жатат. тизеге чейинкилери 250 сомдон ото арзан экен барып келдим.
02.03.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошко дагы келеби?
02.03.2016. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мех жилеткалар канчадан экеен??????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: