super.kg logo
  Саясат  

Жарандарды арзан турак жайлар менен камсыз кылууга багытталган ипотекалык насыялар өнөктөш банктар аркылуу берилет

 

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу багытында 310 миллион сом каражат бөлүнөт. Ал эми калган каражат баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланат. Бул тууралуу компания башчысы Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеңеште "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө”, "Күрөө жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди.

“Ипотекалык насыялар жарандарга өнөктөш банктар аркылуу берилет. Азырынча эки өнөктөш банкыбыз бар. Келечекте алардын катарын кеңейтүү пландаштырылууда”, - дейт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы. Ал башталган иштин кечеңдеп калуу тобокелчилигин эске салып, "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө”, "Күрөө жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдарды тездетип кабыл алып берүү өтүнүчүн билдирди.

Талкуу жүрүшүндө Мамлекеттик ипотекалык компания банктардан баалуу кагаздарды сатып алып, аны текшергенден кийин биржага чыгара турганы, ипотекалык эмиссиялар негизинен улуттук валютада каржыланары белгилүү болду. Андан сырткары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду бул тармакка 10 миллион доллар каражат салат. Ошондой эле Социалдык фонддун пенсиялык топтоо фондунун каражатын тартууга да мүмкүнчүлүктөр бар.

Жогорку Кеңеште ипотекалык баалуу кагаздар менен ипотекалык күрөөлүк маселелерин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу жол-жоболору улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: