Өлкө аймагынан чыкпоого милдеттендирилген кыргыз жараны чек арадан кармалды
Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайынан 2 жолу мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-март күнү “Чалдыбар-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайынан документтерин текшерүү маалында кыргыз жеринен чыкпоого милдеттендирилген жаран токтотулган. Аталган жарандын төлөнбөгөн карыздары бар экени белгилүү болуп, ошол себептен улам чек арачылар аны өткөрбөй коюшкан. Көп өтпөй ошол эле жаран аталган көзөмөл-өткөрүү пунктун айланып өтүүгө аракеттенип жаткан учурда кармалган. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал аймактык милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.