"Москвада 4 жашар кызды өлтүргөн" деп шектелген Гүлчехра Бобокулова: "Аллахтын буйругу менен өлтүрдүм"

Үстүбүздөгү жылдын 29-февралында "4 жаштагы Анастасия аттуу кызды муунтуп өлтүрүп, башын кесип салган" деген шек менен кармалган Гүлчехра Бобокулованын иши боюнча Москвадагы Преснендик сотунун отуруму бүгүн, 2-мартта болду. Бул тууралуу МК.РУ басылмасы жазып чыкты.
Бобокулова "жашы жете электи өлтүрүү", "мүлктү өрттөө" жана "террордук акт тууралуу жалган маалымат берүү" беренелери боюнча айыпталып жатат. Журналисттердин "Эмнеге бул кадамга бардыңыз?" деген суроосуна "Аллах буйрук берди" деп жооп берген. Ошондой эле ал күнөөсүн моюнуна алып, кызды өлтүргөнү үчүн өкүнүп жатканын айткан. Бул ишти иликтөө үчүн тергөөчү соттон Бобокулованы 2 айга, 29-апрелге чейин камакка алууну суранды, себеби ал коомчулук үчүн, өзгөчө кичинекей балдар үчүн кооптуу экенин айтты. Сот Бобокулованы 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Сот учурунда Бобокулова эч нерсе болбогондой отуруп, залдан чыгарып бара жатышканда журналисттердин суроолоруна жооп бербей, башын өйдө көтөрүп чыгып кеткен.

Этика нормаларын сактаңыз.
Кабарлар Орусия ММКларынын жазган маалыматтарына таянып жазылган.
Admin-portal эскертуу берип журбо!
Этика нормаларын сактаңыз.
Сиздин жазганыңыз ушул эле билдирүүңүздүн үстүндө турат го...
Ооба устубуздогу жылдын дейт,анын эмнесин тушунбодунуз.Азыр устубуздо 2016-жылбы?Откон жылдын же келээрки жылдын десе тан калсаныз болмок.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Узбечка которуп жургон баш, орт болгон квдан тавылган дене, баары мурда эле олгон жаш баланыкы болушу мумкун (моргдон алынган болушу мумкун) иштин изин жашыруу учун да орт уюштурулган го.
Мунун баарын уюштурган спонсировать эткен тараптын планы ушундай болушу мумкун деген да ой менде.