super.kg logo

Баткен облусунда диний экстремисттик материалдарды сактаган жаран 1 айга камакка алынды

 

Баткен облусунда диний экстремисттик материалдарды сактаган жаран 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-февралда Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 25 жаштагы Х.Расулов аттуу жаран кармалган. Анын уюлдук телефонунан өлкө аймагында тыюу салынган “Өзбекстан ислам кыймылы” жана “Катибат аль-Бухари” экстремисттик-террордук уюмдарына таандык сүрөттөр жана видеоматериалдар табылган.

Бул факт боюнча "экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен айыпталуучу үй камагына чыгарылган. Мамлекеттик айыптоочу биринчи инстанциядагы сот тарабынан кабыл алынган токтомго макул болбой, кассациялык арыз менен кайрылган. Баткен облустук соту кечээ, 1-мартта биринчи инстанциянын токтомун өзгөртүп, соттолуучуну 1 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.03.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай шумшуктор жазасын алсын
02.03.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернеттен акыркы убактарда-айрыкча одноклассниктерде Хисбут-Тахрирдин видеолору толуп кетти .болгондо да кыргыз тилинде.Эмнеге Кыргыз мамлекети тарабынан буга чара корунбойт?соцтарактарда атайын козомолдоо болбойбу?
03.03.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakyt71,оа да акырындан элди башка нукка буруп жатышат.Интернетке кирсен жалан эле дин аалымдарв болуп чыга калышты.Жапжаш бплдар евздар акыл айтат билимтнизди орчутун дин боюнча деп адамдын кулкусун келтиришип.Сен эмнени тушугосун десен ошол китептеп бир барак нерсени таап жоното коюшат.
03.03.2016. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бирдекеге тушунбодум башка экстремисттерди кармаса 5-10 жылга камайт. неге бул адамга 1 ай берди. акча менен оозун жаптыбекен судяларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: