Өлкөдө насыялар сом менен берилип баштаганына катар Бишкекте учак билетинин баасы сом менен көрсөтүлө баштады



28-февралда өлкөдө коммерциялык банктарга калк үчүн ипотекалык жана керектөө насыяларын доллар менен берүүгө тыюу салуу боюнча токтом күчүнө кирген. Мунун артынан азыр унаа сатууда же алууда, чет өлкөдөн алынып келинген товарларды сатууда же сатып алууда сомдун жүгүртүлүшү күтүлүүдө. Азыркы учурда Бишкекте учак билеттери үчүн баалар сом менен көрсөтүлүп жатат. Бирок бардык билет саткан авиакомпаниялар бул кадамга барып жатат деп айтуу мүмкүн эмес.
Кошумчалай кетсек, февраль айынын башында Улуттук банктын жыйынында тиешелүү укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилген. Коммерциялык банктардын сунуштарын эске алуу менен аталган токтом кабыл алынган. Бул документ 2016-жылдын 28-февралынан тарта күчүнө кирери бекитилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Komrad

03.03.2016. 13:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура иш. Ушул жерден депутуттарга 5 деген баа. Москвада канча болсо деле рубль менен айтышат. Квартиры от 4 млн рубль деп эле тартынбай эле. Эмне оозго батпай калмак беле өзүбздүн акча менен айтса? Бишкекке келгенде көрдүм чачылайын деп калган жигулини дагы доллар менен айтып тура беришет экен. Лебединовкага машина алганы издеп барсак тим эле сомду таанышпайт биздин жаман кыргыздар. Менден беш бетер жүдөп калган байке сом менен канча болот дечем билбейм эсептебейсинерби 76 дан деп коет. М
Komrad

03.03.2016. 13:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен айттым байке мен долларды өмүрүмдө көргөн эмесмин. Айлык алсак дагы, мал сатсак дагы, машина алып сатсак дагы сом колдонуп келгенбиз. Чынында бир орунда турбай ойдологон ошол доллар да!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.