super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кара-Шоро айылына уюлдук байланыш абоненттердин аздыгына байланыштуу коюлбай келген

 

Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кара-Шоро айылына уюлдук байланыш абоненттердин аздыгына байланыштуу коюлбай келген. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Азиз Эгембердиев билдирди. Анын айтымында, Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу 10 айыл бар, алардын бири - Кара-Шоро.

Биздин айыл өкмөткө караган айылдардын ичинен жалгыз Кара-Шородо уюлдук байланыш коюлган эмес. Ал жерде учурда болгону 30га жакын түтүн бар. Буга чейин биз көптөгөн уюлдук операторлорго бул маселе боюнча кайрылып келгенбиз. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп, операторлордун биринин өкүлдөрү Кара-Шорого келип, абалды көрүп кетишти. Жакынкы аралыкта байланыш пайда болушу мүмкүн”,- деди Эгембердиев.

Эскерте кетсек, 22-февралда “Кара-Шоро айылынын жашоочулары уюлдук телефон менен сүйлөшүү үчүн 2,5 саат жол жүрүшөт”,- деп окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлаган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
03.03.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде да Куршап Кызыл Октябрь айыл да да уйулдук телефон. Интернетке кируу абдан кыйын кее бир убакта кирбейт дале .Интернет ке кируу учун Куршап жака чыгуу бузга туура келет .Биздин айылга да койсо жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: