super.kg logo

Бүгүн кыргыз жеринде аңчылык иштери боюнча адистерди сыйлоо аземи биринчи жолу өттү

 

Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнүнө карата Кыргыз Республикасындагы аңчылык иштери боюнча адистерди сыйлоо аземи быйыл биринчи жолу өткөрүлдү. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти аңчылык иштери боюнча адистердин ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, аталган кызматкерлердин орточо айлык акысы 6000 сомду түзөт. Ошондой эле алардын көбү бул кызматка өз ыктыяры менен келишет. "Мыйзамсыз аңчылык кылгандарды кармап күч органдарына өткөрүп берген кызматкерге атылган баалуу жандык үчүн төлөнгөн айып пулдун 30 пайызы берилет" деген мыйзам кабыл алынгандан бери бети ачылган фактылардын саны көбөйгөн.

Сыйлоо аземинде 2015-жылы кыргыз өлкөсүнүн токойлорунун жана коруктарынын аймактарында кармалган браконьерлер үчүн жана мыйзамсыз куралдарды алып өткөрүп берген кызматкерлерге 5000 сомдон 15 000 сомго чейинки акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

"Мамлекет тарабынан ушундай көңүл бурулуп жатканына кубанычтабыз. Биз өмүрүбүздү тобокелге салып, браконьерлер менен күрөшөбүз",- дешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.03.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздардын егерлери корупционерлердин алдынкы катарында туурары бийик тоолу аймактарда жана жайлоолордо жашагандар абдан жакшы билишет егерлер 6 мин сом айлык алат ише майда чуйдо акчалары менен 20 30 минге чейин акча тапкандар бар озгочо жай жана куз мезгили булардын сезону катары эсептесе болот
03.03.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
токойлорду , жаныбарларды айылдын мергенчилери менен биригип бут баарын жок кылаттар.сыйлыкты емне учун береттер!!!
03.03.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Токой корукчулары десе деле болмок.
03.03.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Эгерлери" эмне экен деп кире калса?, кимдер турбайбы)) эске сактап калыш керек экен. Жайлоого барганда "таене эгерлер келип атат" деп тан калтырайын))))
tavanova.sarah түзөттү 2016-03-03 11:23:22
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: