super.kg logo
  Саясат  

Мээрбек Мискенбаев: "Аймактарда жергиликтүү хандар пайда боло баштаптыр!"

 

Жогорку Кеңештин 3-марттагы жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев аймактардагы бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иштерин айтып чыкты. Депутат сөзүн "Айрым аймактарда жергиликтүү хандар пайда боло баштаптыр!" деп баштады.

"Таластагы Бек-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Токтогул Абдыкадыров кызматын кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз иштерге барууда" деген кайрылуу айылдын жашоочуларынан келип түштү. Аталган айыл өкмөт башчысы эки жолу соттолуптур. Аны кызматтан алуу акимдин, губернатордун да колунан келбей жатканын айтып жатышат.

Анын иниси Эмил Абдыкадыров мурда Бишкектин вице-мэрлик кызматын аркалаган. Ал дагы өз кызматын кыянаттык менен пайдаланып, 24 бала бакчаны менчиктештирип алганы тууралуу дооматтар тагылган. Жакында аким аталган айыл өкмөт башчысын кызматтан бошотсо, эми кызматка калуунун амалын издеп сотко бергени жатыптыр",- деди Мискенбаев.

Депутат Бек-Молдо айылдык кеңешинин катчысы Сайкал Өмүралиевага дагы буга чейин кылмыш иши козголуп соттолгонун, учурда аталган айым айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу экенин кошумчалады. Мискенбаев мурунку айыл өкмөт башчысы Абдыкадыровдун "мафиясы" "Жер-Үй" алтын кени жайгашкан Бек-Молдо айыл өкмөтүн каалагандай башкарышып, жергиликтүү бюджетти каалагандай калчашып, ар кандай мыйзам бузууларга барып жүрүшкөнүн белгилеп, өкмөттү буга көңүл бурууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: