Ички иштер академиясында Мамлекеттик желек күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү








Бүгүн, 3-мартта Ички иштер академиясында Мамлекеттик желек күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, салтанат мамлекеттик гимндин коштоосунда желектин көтөрүлүшү менен башталды. "ИИМ академиясынын оркестри жана курсанттары гимнди аткарышты. Академиянын жетекчисинин орун басары Н.Жумашев өздүк курамды бүгүнкү майрам менен куттуктап өттү. Ошондой эле иш-чарада Желек күнүнүн тарыхы боюнча баяндама окулду.
Бүгүнкү иш-чара жаш муунду патриоттуулукка, мамлекеттик символикаларды сыйлоого жана кыргыз элинин рухий байлыктарын баалоого арналган. Майрам курсанттардын салтанаттуу маршы менен аяктады",- де п айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.