super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн окутуулары кыргыз жарандарын кооптондурууда

 

Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн окутуулары кыргыз жарандарын кооптондурууда. Бул тууралуу WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

"Кадамжай районунун Кайтпас айылы менен Өзбекстандын чек арасында коңшу өлкөнүн тик учактары жана аскердик танктары жүрөт. Эл андан кооптонуп жатат. "Биздин өлкө эмнеге коопсуздугубузду карабайт? Бийликтегилер эмнеге бизге көңүл бурбайт?" деп жатышат. Биздин аскерлердин ал жөнүндө эч кандай кабары жок. Сурап кайрылсак, "өзбек тарапта окутуу болуп жатса керек" деп жооп беришти. Бир күндө 3-4 жолу өзбек тараптын учактары, танктары, аскерлери айылга жакын жерден өтүп турат экен. Айыл тургундары бир жумадан бери ушундай абал болуп жатканын айтышты",- дейт окурман.

Эскерте кетсек, Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде тактикалык окутууларды жүргүзүп жатканын Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттар бөлүмү билдирген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(19)
03.03.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
биздикилер козум корбосо болду ... бору жесин болуп журушот да.
03.03.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эгер биздикилер ошентип машыгышканда озбектер давно токтоткула деп токтотуп коймок
03.03.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Калп эле бизге бидируу келген деп жооп бердилер качан бутот анда билдируудо жазылса керек
03.03.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнеси болсо да тынч болсунчу
04.03.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
macho-m90,эмне болсо да тынч болсун эмес, коргошун шым кийгендер ордунан туруш керек. Чек арага жакын жерде мындай иштерди жүргүзүүгө мүмкүн эмес.
03.03.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тынар айтмакчы биздикилер жатат да семичке чагыып.))). Ал жерде эмне палигону барбы озбектердин?
03.03.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
120 сы ооздорун ачып Баткен дагы Кыргызстанга карайбы деп олтурушса керек. Алар кресло талашкандан башка эч нерсеге жарабайт жеп жутарлар!!!!
03.03.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келерки шайлоодо шайлабаш керек Бул эшеке минерлерди
03.03.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий тынч болушса экен.окуп коркуу сезими курчап Алды,ал жерде жашагандарга мин мертебе рахмат.
03.03.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбекстандын чек арасын карашат кундуго учат чек арасына 5 метрден солдат коюп койгон алар немистерден катык карашат чек арасын
03.03.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин жеп жутар ХХХ жасанып акча жыйнашты элдин акчасына чардашты эле билишет. Ошол озбек солдаттары ушу биздин жеп жутарларды эле ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-04 11:17:00
04.03.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nelli - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
03.03.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оа бугун мен да кордум верталетторду. Бир чек арада катуу тополон болгонбу деп тан калдым. Озбектин солдаттары чек араны тегеренип басып журот. Биздин кочонун этегинде чек ара бар. Чон жолдо турсам бир жолу паспортум текшерди сен озбекстандан чыктынбы деп. Кудай жалгап паспортум жанимда экен. Эмесе алып кирип кетмек да. Ал жерде кыргызстан солдаттары жок. Озбекстандан бир солдат чыгып суйроп кетсе да эч ким билбей кала берет
03.03.2016. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озбекстанга аалам тегиз болуп калды го эмне эле улам Кыргыз жерине отуп жатышат тезинен чара коруш керек болбосо ал жерге аскер базасын куруп алышбасын
04.03.2016. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу Супер! Силерге бир суроода.Ушу койгойлуу маселелерди жазып чыгып жатасынар анын астында бут кыргыз эли жазып жаткан комментарийлерди ушу биздин атка минерлер окушуп жатышат болду бекен? Деги эле ушу интернетке эле жазып чыгуудан башка ушул маселелер боюнча бийлик окулдоруно да суроо узатып жатасыздарбы? Мындайча айтканда результат барбы же жокбу? Эгерде дальше дагы мамлекетибиздин чек арасына кайдыгерлик менен конул бурбасак наркы туугандар бат эле кирип келишетго
04.03.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кийинки шайлоодо буларды шайлабаш керек дептир,жогоруда бир окурман,буларды ким шайлады дейсин,оздорун оздору шайлап алышты,чек ара боюнча бир депутат ойлонуп да койгон жок,булардын колунан келбейт,барып барып озбектер Кыргызстандын жарымын басып алабы,бул жактан тажиктер,Аллах сактасын,ойлосон коркосун
04.03.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо!Бул МАНАС атабыздын осуяты.Бирок бул унутта калды.Ар бир чиновник оз курсагын,бизнесин ойлоп жаткандай. Чек ара маселеси биринчи кезекте дыкат текшерууго алынса!Биринчи ЧЕК АРА маселесин тактап,коргоп анан башка маселеге отсок жакшы!!
04.03.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондорубуз чек араны карашпаса жок дегенде "ЧЕКТЕН ЭЛДИН КУЧУ БЕК" болуп элибиздин биримдиги жоголбосун кыргыз бир туугандаар!
05.03.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоок кочугуно келгенде какылыктайт болушпаса болду да акыры:-(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: