super.kg logo

Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын туусунун кабыл алынган күнү белгиленди

 

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын туусунун кабыл алынган күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, легендарлуу парламенттин депутаттары, жоокерлер, калаа тургундары жана студенттер катышышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Калаа башчысы жалпы кыргыз элин, шаардыктарды 3-март – Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.
“Мамлекеттик туу - бул өзгөчө ыйык символ, анткени жаш жоокерлер тууну өөп ант беришсе, жогорку мартабалуу бийлик органдарынын өкүлдөрү эл алдында расмий ант берген учурда колдонулат. Ошондой эле туубуз 24 жыл ичинде республикалык жана дүйнөлүк ар кандай маанидеги иш-чараларда такай көтөрүлүп келүүдө. Мен айтар элем, ылайым элибиз ар дайым бүтүн болсун, элибиз эркин болсун, биздин ыйык туубуз өлкөбүздө жашаган бардык улуттарды бириктирип турсун. Мамлекеттик туубуз ар дайым биздин жеңиштерди дүйнө жүзүнө даңазалап желбирей берсин. Кайсы улуттун өкүлдөрү болсок да бири-бирибизди урматтап, сыйлап, эгемендүү мамлекетибиздин туусун ыйык сактап, рухий дөөлөттөрүбүздү кийинки муундарга бөксөртпөй үлгү катары өткөрөлү. Жергебизде тынчтыктын, эркиндиктин туусу бекем орноп, элибизде ынтымактын, достуктун түбөлүк сакталышына тилектештигимди билдирем”,- деди Айтмамат Кадырбаев.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен Мамлекеттик туу күнүнө карата Ош шаарындагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жамааттарына атайын жыйындарды өткөрүү, алардын алдында орнотулган КРнын жана Ош шаарынын желегин жаңылоо, айланасын тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.03.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мэриянын алдындагы лениндин эстелигин алып башка жерге жылдырып ордуна башка кыргызга тиешелуу нерсе койсо жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: