super.kg logo

Февраль айында ведомстволук классификация боюнча бюджеттин чыгашасы 8 миллиард 688 миллион сомду түздү

 

2016-жылдын февраль айында ведомстволук классификация боюнча бюджеттин жалпы чыгашасы 8 миллиард 688 миллион 76,2 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 миллиард 309 миллион 801,4 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 1 миллиард 472 миллион 245,2 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча 583 миллион 206,1 миң сом бөлүндү. “Имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча чыгашалар 731 миллион 655,4 миң сомду түздү. Калган каражаттар "корголгон жана корголбогон чыгашалар" беренеси боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды.

Ведомстволук классификация өз ичине мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү, алуучулары), бюджеттик ресурстардын администратору болуп саналган бюджеттик мекемелердин классификациясын камтыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: