super.kg logo

Жалал-Абадда шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана таза кармоо боюнча чаралар күчөтүлүүдө

 

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана таза кармоо боюнча жалпы шаардык иш-чараларды иштеп чыгышып, аны жыл бою ишке ашырмак болушууда. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мурда иштелип чыккан шаарды жакшыртуу эрежелерин жетекчиликке алып, шаарды таза, көрктүү абалга келтирүү, архитектуралык жактан жагымдуу көрүнүштү түзүү, коомдук жайларда коомдук тартипти, иреттүүлүктү камсыз кылуу боюнча кеңири иш-чараларды камтыган атайын документ иштелип чыгып, аны аткаруу жагы бардык муниципалдык ишканаларга тапшырылды. Бул жагынан көчө бойлоруна тамчылатып сугаруу аркылуу газондорду, гүлдөрдү, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, имараттардын көрүнүшүн дизайндык жакшыртуу, шаар борборунда иреттүүлүктү түзүү сыяктуу маанилүү жумуштар аткарылмакчы.

"Шаарды булгагандарга, коомдук жайларда шаардын жакшыртуу эрежелерин бузгандарга катуу чаралар колдонулат. Бул жагынан шаарда дайыма рейддер өткөрүлүп турат",- дейт шаардын вице-мэри Урматбек Маматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.03.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы так держать.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: