super.kg logo

Нарында Мамлекеттик туу күнү белгиленди

 

Бүгүн, 3-мартта Нарын шаарында Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Алгач майрамдык иш-чара шаардын борбордук көчөсүндө жаштардын өлкөнүн туусун көтөрүп ак калпак кийип өтүүсү менен башталды. Андан соң салтанат Жаштар үйүндө концерттик программанын коштоосунда уланып, ага бир катар облустук жана шаардык жетекчилер катышышты. Куттуктоо сөзү менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов Мамлекеттик туу күнүнүн белгиленүүсү кубанычтуу жана символикалуу экенин айтты.

"Мамлекеттик туу – бул эгемен мамлекетибиздин символу болсо, ал эми ак калпак - түптүү элибиздин символу. Азыркы күнгө чейин улуттук баш кийимди ыйык тутуп, жаштардын улуу салтты унутта калтырбай баалап-барктап келе жатканы кубандырат. Анткени улуттун жүзү – анын маданиятында. Улуттук маданиятыбызды муундан муунга өткөрүп, анын маани-маңызын калыбында сактап калуу - ар бир жарандын милдети",- деди Асизов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: