"Парламенттик демократиядагы көз карандысыз профсоюздун ролу жана милдети" аттуу тегерек стол өтөт
Парламентте 25-мартта саат 10:00дө "Парламенттик демократиядагы көз карандысыз профсоюздун ролу жана иш-милдети" аттуу тегерек стол өтөт. ЖКнын маалыматына таянсак, бул иш-чаранын максаты - Кыргызстандагы эмгекчилердин укуктарын коргоо жана көз карандысыз профсоюз кыймылын өнүктүрүү болуп саналат. Аны ЖКнын кызматкерлеринин профсоюзу жана Фридрих Эбберт фонду демилгелөөдө. Иш-чарага президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, ЖКнын депутаттары, мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын, профсоюз жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат. Соңунда резолюция кабыл алынып, аны мамлекеттик органдарга, саясий партиялардын штабдарына, өкмөттүк эмес уюмдардын кеңселерине таратуу пландаштырылууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

