"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Нарындагы бала бакча жетекчилиги жалгыз бой энени басмырлоо болбогонун айтууда
Нарын шаарындагы "Алтын балалык" бала бакчасынын жетекчилиги баласын майрамдык кечеге ылайык кийинтип келбеген энени басмырлоо болбогонун 4-мартта SUPER.KG`ге билдирди.
Мекеме башчысы Нургүл Байбосова: "Энени басмырлоо болгон жок. Бүгүн майрамдык кечеге баласы өтүкчөн келиптир. Тарбиячысы акырын эле "жеңилирээк бут кийим кийгизип койсоңуз болмок экен" десе эле апасы кыйкырып кириптир. Эшиктен ыйлап чыгып баратканын көрүп, токтотуп алып сүйлөштүм. Тарбиячы менен жеке таарынычтары барбы билбейм, болбой эле "прокуратурага кайрылам" деп кеп-сөзгө келбей койду. Тарбиячы деле майрамдык кечеде баласына ыңгайлуу кийим болсун деди да. Келин менен кайра сүйлөшүп, маселени чечебиз",- деп билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен окурман кайрылып, бала бакчанын кызматкери баласын майрамдык кечеге ылайык кийинтип келбегени үчүн жалгыз бой энени урушуп, балдарын мекемеден чыгарууну талап кылганын "Элдик кабарга" маалымдаган эле.

Өтүкчөн келген күндө деле аны чечип домашка менен киретго!же өтүгү мн кирип өтүгү мн тамак жеп өтүк мн уктайбы наарында???
Дүйнөдө баа жеткис балаңарды бирөөгө тапшырып жаткандан кийин чешка деле сатып берип койгула да!!!
Мумкун байкуш баланын майрамдык бут кийими жоктур. Жондон жон ыйлабайт
Зарина качан сенин куйон олду элее. Кудайды карап алдасан, базардын баарын алдап буттун, оз тилинден канча турмушун бузулду. Сени коруп алып баягысын баштаптыр деп атабыз. Балдарым баазарчыларга жыргап калды деп журбодун беле, кайдага 12 мин сом бергенинди айтып жатасын? Сени ырас эле кубалап жебериптир ошого жеткиздинда оз тилин менен бузган турмушунду. Баазарчылардын ошо тарбиячыгы боорубуз оруп атат. Мындай иштерин менен сен эсине келбейсин.