super.kg logo

"Атам каза болгон күнү капчыгындагы акчалары жана бир катар документтери жоголгон" дейт пара алып жатып жүрөгү кармап каза болду делген кызматкердин уулу

 

"Атам каза болгон күнү капчыгындагы акчалары жана бир катар документтери жоголгон". Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-мартта маркум А.Гапаровдун уулу Адылбек Гапаров билдирди.

“Ал окуя болгон күнү атам менен апам кечинде тойго барышмак. Эртең менен атам жумушка баратып 300 доллар алып кеткен, андан сырткары анын жанында дайыма 10 миң сомдун тегерегинде акча болчу. Атамды “пара” менен кармагандар ал каза болгондон кийин чөнтөгүндөгү акчаларын, документтерин да алып кетишкен.
Саат 17:00гө жакын атамдын каза болгонун угарым менен анын жумушуна жөнөдүм. 17:30 чамасында иш бөлмөсүнө кирип барсам, ал жансыз абалда, кийим-кечеси айрылып жерде жатыптыр. Коридордо жана бөлмөнүн ичинде кесиптештери ыйлап жүрүшкөнүн билем. Ал өзү каза болдубу, буга башка себептер барбы же ошол абалга жеткирдиби белгисиз болуп жатат”,
- деди Адылбек Гапаров.

Анын айтымында, атасынын денесинен бир нече көк ала тактар табылган. "Бул атам кыйналып, алышып жатып жан бергендигинен кабар берет",- деп кошумчалады маркумдун уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.03.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
олум ардайым себеп менен келет,эч бир себепсиз белгиз ажал келбейт!балким кылган куноолору учун аллах жазасын бергендир,азыр баардык жогорку окуу жайда адилеттик жок,ректор мугалимдер канчалаган карапайым калкты какшатып атышат!!
04.03.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бироонун азап тартуусунан ырахат алып жашагандар жашоодо коп эле кездешет. Маркумдун омур менен коштошконунан же атасын жоготкон балдардын ыйынан улам озун бейишке киргендей сезген себепкер бироо бардыр... Ким билет?.. Мындай каргашалуу окуялардын чын-тогуну ачыкка чыкпай эле сыр бойдон кала бергенине айласыздан конуп деле калдык. Чындыкка бир Жараткан озу эле кубо. Жакшылык-жамандыкта Кудайым озу таразалай берсе экен...
05.03.2016. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун, чондордон бироо жарымына чындыкты суйлоп койсо керек да,
05.03.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми адамдарга шылтоо табылбадыбы, 30%ти паракорду тапкан адамдыкы деп койсо эми пара менен кармалгандар кобойду.
06.03.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пара алып жатканда кармалса видеосу же далили барбы экен? Жөн жерден каралай бербегилечи? Ушул ишти жасагандар жазасын Аллахым берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: