super.kg logo

Бишкекте көчөдө калган 24 жаштагы кыз буттарын суукка алдырып, эки бутун тең кестирди

 

Ош шаарынан бир жыл мурун Бишкекке иш издеп келген 24 жаштагы Элмира Гимазитдинова быйылкы кыштын суугунда жатарга үйү жок, жер төлөлөрдө жашап жүрүп эки бутун суукка алдырган. Учурда операция аркылуу эки бутунан тең ажыраган кыздын абалын SUPER.KG порталынын кызматкерлери көрүп келишти.

Жабырлануучу кыз 23-февралда борбор шаардагы Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген. Кыз баш калкалап жүргөн Чыгыш-5 кичи районундагы үй комитетинин башчылары жана аймактык милиция кызматкерлери Элмиранын ал райондо расмий түрдө катталбаганын билдиришкен.

Хирургия борборунун дарыгерлери Элмиранын адамдар менен көп сүйлөшпөй турганын айтышты. Табиятынан түнт кызга бутунун ооруганы да кошумча болуп, адамдар менен сүйлөшүүнү жактырбай жатканы маалымдалды. Жаш кыздын Бишкекке келишине эмне түрткү болгонун сураганыбызда, туугандары менен уруша кетип борборго келе бергенин айтты.

"Алгач көкүрөк жагым катуу ооруп үйдө жатып калдым. Туугандарым акча таппай жатып калганымды жактырышкан жок. Ошонун айынан алар менен уруша кетип Бишкекке келе бергем. Бул жакка келгенде ар кайсы ашканаларда иштеп жүрдүм. Акыркы жолу Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашканада иштедим. Жумуш оор болгондуктан, ал жактан да чыгып кеткем. Андан кийин жумуш таба алган жокмун",- дейт Элмира.

Дарыгерлердин айтымында, туугандары Элмираны алып кете албай тургандыктарын билдиришкен.

"Атам кичине кезимде эле каза болуп калган. Апам 2011-жылы бөйрөк оорусунан улам көз жумду. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен үчүнчүсүмүн, менден улуу эжем жана агам бар. Кичүүсү эркек. Окууну бүтпөй, 8-класстан баштап иштеп калгам. Баарыбыз Оштогу базарда жер-жемиш сатып оокат кылчубуз",- дейт жабыркаган кыз.

Хирургдар кыздын үшүк алган буттарын кесүүдөн башка жол калбаганын айтышууда.

"Бейтаптын медициналык карточкасы жок болгондуктан, көкүрөгү ооруганы тууралуу маалыматыбыз жок. Кошумча медициналык кароолордун натыйжасында өпкө оорулары менен ооруганы аныкталган жок. Элмиранын бутунун таман бөлүгүн 3-4-даражада үшүк алып кеткен, андыктан ампутация кылууга туура келди. Ал бизге 23-февралда түшсө, эки күн бою бутун кесүүгө макулдугун бербей жатты. Операция 25-февралда өттү, учурда абалы жакшы, буттары айыгып жатат",- деди хирург Манас Рысбеков.

Бейтапты ооруканадан кийинки аптада чыгарышат, бирок анын кайсы жакка жеткирилери белгисиз.

"Мындай окуялар көп эле болот. Дене мүчөлөрүн үшүккө алдыргандар көп кайрылышат, көбүнүн туугандары алардан баш тартышат. Быйыл эле 20-25тей адам түшүп, алардын үчөөсү каза болду. Барарга жери жок болуп көчөдө калгандар үчүн баш калкалаар жерлер бар, бирок кышкысын толуп калат. Алардын санын көбөйтүү зарылчылыгы бар",- дейт Рысбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(34)
04.03.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ээх кандай жаман.
04.03.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
байкуш кыза жаман болуптур эми
04.03.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Өкүнүчтүү.
04.03.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
кудай сактасын
04.03.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жаш кыздын келечеги эмне болот.Жакшынакай кыз экен.Тууган уругу баш таотканы кандай.Мээр калбады элде.
04.03.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ии,Кудай (((
04.03.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Албетте баш тарттатда кимге эле оной болсун бир заматта эки бутунан айрылып калуу, келечеги эмне болот эми ((Ар бир пенде шугур кылып жашаганды уйронолу.
04.03.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Musabaeva,ушул Мусабаева деген колдонуучуга аябай минус басыптырсыңар. Бул кыз деле сиздер ойлогондой ойду жазган окшойт, бирок башкачараак жазып алганбы дейм да. Кыз макулдугун бербей жатты, бутун кестирүүгө дегенге жазган окшойт бул кыз, баш тартат да бутун кестирүүдөн дегендей." Бир заматта 2 бутунан айрылып калуу оңойбу " деп жазыптыр го. Бир туугандарынын алып кетүүдөн баш тарткандары өкүндүрөөрлүк ...
04.03.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Musabaeva, кечир, мен туура эмес ойлоп минус басып алыпмын, сен башкача ойдо жазганыңды анан түшүндүм, бирок мындан кийин оюңду так, түшүнүктүү жаз!
05.03.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STAN_KG,
Туура тушунуктуу эле болуп турбайбы, силер биринчи тушунуп анан окусанар, конул буруп дегендей. тушунук жок болсо ошода.
Musabaeva түзөттү 2016-03-05 13:25:55
04.03.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
кантип байланышып жардам берсек болот.?
04.03.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
isko-nookat, Больницага баргыла же супер-инфо гезитинен оорукананын аталышын тактап, 109 га чалып телефон номерин алгыла да, ооруканага чалып кайсы жерде экенин билгиле!
04.03.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул кызга аябай оор сыноо келиптир, Аллах сабыр берсин( басып журуп баспай калуу абдан оор(
04.03.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Байкуш кыз ай,байкуш кыз.Чырактай эле кыз экенсин,келечегин кандай болоор экен.Оо Аллах,жетим-жесирлерди сактай кор!Ошолордун ырыскысын кобуроок кыла кор!Оомийин.
04.03.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ииий жүрөгүм тилинип кеттиго...Аллахымдан сабыр гана тилейм
04.03.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ооой иий жаман иш болуптургооо((( кудай сактасын
04.03.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Апасы болгондо байкуштун,ушинтип кочодо калбайт эле,апалар озум ичпесемда балам ичсин,озу оорусада жакшы элемин деп омурун баласы учун садага чапмак.Энелердин кадырына жетели.
04.03.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бир гана нерсе ойго келет.Бул да болсо биздин мамлекетибиздин алсыздыгы.Мындан аары эмне болот Элмиранын жашоосу ким карайт?(омур бою инвалид болду)
04.03.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми эмне болот байкуш кыз. Кийинки жашоосу дегендей.
04.03.2016. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Таптакыр барууга жери жок болсо, тийиштуу адамдардын жардамы менен майыптар уйуно жеткирилуусу керек. Байкуш кыздын буту эле болбогону менен акылы ордунда го... Кызга Жараткан чексиз сабыр берсе экен. Жамандык менен жакшылык эриш-аркак журот имиш. Элмиранын келечегинен жакшылыктарды Кудайдан умут кылып калабыз.
04.03.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Иий эми мындан кийинки тагдыры кантет...ылайым бул кундорду корбогондой болуп кетсин. Жаратканым озу колдосун.
04.03.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А дейбиз бу дейбиз, кыздын мандайына жазылганы ушул экен. Албетте аянычтуу. Окмот камкордукка алып майыптар уйуно орноштураар.
04.03.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кудайым эми бактын ачсын
04.03.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жашоонун оордугунан ушул акыбалга келип олтурат да байкуш,кудай озу жардам берсин бул жагына.
04.03.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызга жардам керек дарегин менден алсанар болот
04.03.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамак аш кийим керек
04.03.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииий жаман болуптур сабыр берсин кудайым.
04.03.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ии байкуш, абдан журогум ооруп кетти...
Урматтуу супер инфо атайын ушундай жабырлануучулар учун (единый) счетпу же смс аркылуу жардам корсотуу кызматын киргизип койсонор сонун болмок (ак журок, кызматына кыянаттык кылбаган кызметкерлерди дайындап) жок дегенде ар бир окурман 20-30 единицасын перевод кылса да коп тукурсо кол болуп бир топ жардам болуп калмак...
05.03.2016. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мандайына ушундай оор тагдыр жазылыптыр да,окунучтуу.. Аллахым сабыр берсин. Бул кыйын кундор да отуп кетет,таптакыр эле чогуп калбай,келечекке умтулуп,жанагыдай протез менен болсо да бутуна туруп чуркап кетет деген умуттобуз. Африкалык жоо кулук бар го, эки буту жок,протез менен соо адамдардан ашып чуркап, канчалаган олимпиадаларды женип жургон..
05.03.2016. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантседа бир тууганыго эмне мынчалык таш боордук? ошончолук багып караганга шарттары жок болсо келип коруп каралашып мамлекеттик уйлорго суйлошуп жайлап кабар алып турушса да болотго.
05.03.2016. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх тагдырын ушундай беле. Өтө аянычтуу. Ата энеден эрте айрылып, эми эки буттан айрылуу... кыйын күндүн артында жыргалы бар дегендей жакшы күндөр да келет, үмүтүндү өчүрбө.
05.03.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кызга аябай боорум ооруду, жакшы кыз экен тырышып ашканада иштеп жургон, башка кыз болгондо проститутка болуп кетмек
05.03.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynbek9191, оа тура айтасын кичине кыйналса эле сойкулукка иштеп кетип атышпайбы
05.03.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан озу жар болсун окунучтуу келечеги эмне болот эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: