Бишкекте бир катар алдамчылык фактылары катталды
Бишкекте бир катар алдамчылык фактылары катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы Н.А. кайрылган. Ал А.Г. аттуу айым ишенимине кирүү менен ага таандык жер тилкени 90 миң сомго сатып, акчасын бербей жатканын билдирген. Кылмышка шектүү катары 48 жаштагы А.Г. аттуу аял кармалган.
Ушул сыяктуу арыз менен милицияга 36 жаштагы айым да кайрылган. Арызда таанышы ишенимине кирүү менен 10 тигүүчү машинасын тартып алганын билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 72 миң сомду түзгөн. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.